super.kg logo
  Саясат  

Орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин иштерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү

 

Кечээ, 6-ноябрда “Республикалык бюджеттен каржыланган орто кесиптик билим берүү жана башталгыч кесиптик билим берүү жаатындагы иштердин абалын, анын ичинен канча окуучулар жана студенттер бар экендигин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды. Депутаттык убактылуу комиссиянын  курамына К.Осмоналиев (“Ар-намыс”), Наталья Никитенко (“Ата Мекен”), Абдумиталип Кочкорбаев (“Ата Журт”), Роза Акназарова (“Республика”) жана Карамат Орозова (КСДП) кирген. Жыйында Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев  айрым билим берүү мекемелеринде документте көрсөтүлгөн студенттердин саны менен учурда окуп жаткан студенттердин саны дал келбеген фактылар бар экенин белгилеген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: