super.kg logo

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынан 3-ноябрда жоголгон 2 окуучу изделүүдө

 

Маалымат булактарына Ысык-Ата районунан 2 окуучу баланын дайынсыз жоголгондугу тууралуу кечээ, 6-ноябрда маалымат түшкөн эле. Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлеринин билдирүүсү боюнча 2 бала: 2001-жылы туулган Ырыскелди Шаботоев жана 2008-жылы туулган Нурсултан Медербеков  3-ноябрда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келишкен эмес.

 

Балдардын сырткы сүрөттөлүшү:

Ырыскелди Шаботоев: бою 150-155 сантиметр, кой көздүү, кара чачтуу. Күрөң күрмө (куртка), көк түстөгү свитер жана спорттук шым кийип жүргөн.

Нурсултан Медербеков : бою 115 сантиметр, кой көздүү, чачы кыска.  Кызыл күрмө (куртка) жана көк жынсы шым кийип жүргөн. 

 

Бул боюнча биз, SUPER.KG порталынын кызматкерлери, жоголгон балдардын ата-энеси менен бүгүн, 7-ноябрда  эртең менен байланышка чыктык. 

Ырыскелди Шаботоевдин атасы 33 жаштагы Нурлан Шаботоев төмөнкүдөй маалыматтарды берди:

- Мен өзүм үй-бүлөм менен Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында жашайм. Берки жоголгон бала Нурсултан Медербеков  менин кайнагам Самат Медербековдун (36 жашта) баласы болот. Кайнагам Бишкектин Пишпек аймагында жашайт. Экөөбүз балдарыбызды каникулда эс алышсын деп Ысык-Ата  районунун Новопокровка айылындагы таенеси Сүйүнбүбү Жакыпованыкына  алпарып таштаган элек. Таенесинин жана ошол айылдын тургундарынын айтымында эки бала 3-ноябрда эртең менен мектептин тегерегинде ойноп жүрүп эле, анан даректери чыкпай калган. Издеп табышпагандан кийин алар бизге чалып, саат 2ден баштап чогуу издей баштадык. Ысык-Ата РИИБине саат 6ларда чалып, толук маалыматты бердик. Ошентип чогуу издөө, изилдөө иштери улантыла баштады. Азыр айылдын балдары, тууган-туушкандар болуп райондун аймагындагы талаа, түздөрдөн издеп жүргөн кезде чалдыңыздар. Кудай буюруп, табылат деп жатабыз (үнү кардыгып)...

Элден балдарды көргөн билгендер болсо,   (03132) 5-21-47 же (0556) 65-50-61 телефондоруна чалып коюуларын суранабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.11.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аллах жардам берип табылып калсын эки жаш балдар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: