Ош-Бишкек унаа жолунда айдоочу рулду башкара албай аңга түшүп кетти. 4 адам жабыркады

Ош-Бишкек унаа жолунда айдоочу рулга ээ боло албай кырсыкка кабылды. Анын кесепетинен 4 адам жаракат алышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Токтогул районунун 262-чакырымында (Элдик тилкеси) Хонда Степвагон үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай аңга түшүп кеткен.
Унаанын ичинде 7 адам болгон, алардын ичинен 4 адам (3 эркек: 1962-жылы туулган Т.Б., 1986-жылы туулган Б.Т., 1995-жылы туулган А.У. жана 1991-жылы туулган М. кызы А.) ар кандай жаракаттарды алышты. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркагандар "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.