super.kg logo

"Керемет Банк" пандемия мезгилинде зыян тарткан бизнести пайызсыз насыялоо программасын ишке киргизүүдө

 

"Керемет Банк" ААК жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Микро, чакан жана орто бизнести тез арада колдоого алуу жөнүндө" макулдашууга кол коюшту.

"Керемет Банк" тараптан кызматташтык тууралуу макулдашууга банк башкармалыгынын төрагасы Рысбек Токтогулович Токтогул, Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамагенттик тарабынан директор Жусубали Кыргызбаевич Торомаматов кол коюшту.

Дүйнөлүк банк жана инфраструктуралык инвестициялар Азия банкы тарабынан каржыланган долбоор, COVID-19 пандемиясынын натыйжасынан зыян тарткан ата мекендик бизнести калыбына келтирүүгө багытталган.

Мөөнөтү 18 айга каралган пайызсыз насыяларды берүү үчүн каражат төмөндөгү эки багыт боюнча берилет.

I багыты – патенттин негизинде иш алып барган, майда бизнес менен алектенген ишкерлер.
II багыты – кызматкерлерди жалдап, юридикалык жак же жеке ишкер катары иш алып барган орто жана чакан ишканалар.

Кызматташтыктын аталган модели – COVID-19 илдетинин бизнеске келтирилген жагымсыз кесепеттерин четтетүү үчүн пайызсыз насыя ресурстарынан пайдаланып калууну жана толук кандуу иш алып барууну тез арада калыбына келтирүүнү камтыган, ишкерлер үчүн каралган эң мыкты жүрүм болуп саналат.

"Керемет Банк" өлкөдө ата мекендик бизнести калыбына келтирүүгө жана бүтүндөй алганда Кыргыз Республикасынын экономикасын жакшыртууга оңтойлуу таасирин тийгизе турган маанилүү социалдык долбоордун бир бөлүгү болууга умтулат.

Аталган программа боюнча насыялоо шарттары банк менен агенттиктин ортосундагы уюштуруу маселелери аяктагандан соң жарыяланмакчы. Аталган долбоор жана банктын башка кызматтары тууралуу бардык суроолорду күнү-түнү иштеген контакт-борборуна +996 312 55 44 44 телефону же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp аркылуу кайрылуу менен алууга болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: