super.kg logo
  Спорт  

Осло-2021: "Изабеков ордунан тура калып...". Айсулуу Тыныбекова япониялык балбанды жеңди

 

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери башталды.

Бул Дүйнө чемпиондугуна 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда япониялык Нонока Озаки аттуу балбан менен кез келип, 6:4 эсебинде жеңишке жетти.

Биринчи бөлүктө башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков тынч эле отурган. Биринчи бөлүк 4:0 эсебинде каршылаштын пайдасына аяктагандан кийин, экинчи бөлүктө ордунан тура калып Айсулуу Тыныбековага насаатын айтып жатты.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты. 1/4 финалда Айсулуу Тыныбекова Беларусь өлкөсүнөн келген Вераника Иванова менен кез келет.

Айсулуу Тыныбекова быйыл жайында Японияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
04.10.2021. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кээде трнерерден Туура багыты да женишке себеп болот ,ал спортту жакшы билсен да )
Тыныбекова ийгилик Сизге )))
04.10.2021. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иийгилик Ден соолук каалайбыз.азаматсын Айсулуу айым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: