super.kg logo
  Спорт  

Осло: "8:8". Эрназар Акматалиев фаворит балбанды жеңип, жарым финалга чыкты (видео)

 

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугунда шри-ланкалык балбанды жеңип 1/4 финалга чыккан Эрназар Акматалиев ирандык Эрфан Элахи менен кез келди.

Биринчи бөлүк башталары менен Эрназар Акматалиевди атаандашы килемден түртүп чыгарып 1 упай, андан кийин эле 2 упай алып кетти. Биринчи бөлүк аяктаарына 40 секунд калганда Эрназар Акматалиев жамбаш ыкмасын жасап, 4 упай алды.

Экинчи бөлүктө каршылаш 2 упай алып, 5:4 эсеби менен алдыга чыкты. Экинчи бөлүк аяктаарына 20 секунд калганда кыргыз балбаны 2 упай алды. Андан кийин эки балбан тең дароо ыкма жасашып, эсеп саны атаандаштын пайдасына 9:8 болду.

Кыргыз балбанынын машыктыруучусу челленж баскычын баскандан кийин калыстар видео кайталоону карап, эсеп санын 8:8 кылды. Кыргыз балбаны акыркы болуп ыкма жасагандыгы үчүн жеңүүчү аталды.

Эрназар, азаматсың!

Жарым финалда Эрназар Акматалиев орусиялык Евгений Жербаев менен кез келет.

Эрназар Акматалиев быйыл жайында Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында индиялык Бажранг Пуния аттуу балбанга 3:3 эсебинде жеңилип калган.






Эрназар Акматалиев жарым финалга чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.10.2021. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын, боло турган бала экен ушу!!!
04.10.2021. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: