super.kg logo

"Нобель" сыйлыгынын медицина тармагындагы лауреаттары аталды

 

"Нобель" сыйлыгынын медицина тармагындагы лауреаттары аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, окумуштуулар Дэвид Жулиус жана Ардем Патапутянга 2021-жылдагы медицина жана физиология боюнча "Нобель" сыйлыгы берилет.

Алар тирүү организмдердин температураны кантип сезерин изилдешкен. Юлий менен Патапутян мурда биохимиялык реакцияларды козгой турган рецептордук молекулаларды ачышкан. Мунун натыйжасында адамдар жылуу, муздакты сезе алышат.

Дэвид Жулиус 1955-жылы АКШнын Бруклинг шаарында жарык дүйнөгө келген. Сан-Франциско шаарындагы Калифорния университетинде иштейт.
Ардем Патапутян 1967-жылы Ливандын Бейрут шаарында төрөлгөн. Ливандагы Ховард Хьюз медициналык институтунда эмгектенет.
"Нобель" сыйлыгы - илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылат. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: