Осло: "Татынакай жана шамдагай". Эки кыргыз балбан кызынын машыгуудагы видеосу жарыяланды
Кыргыз балбан кыздары Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарованын Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда машыгып жаткан видеосун Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады.
Дүйнө чемпиондугуна 76 килограм салмакта катышып жаткан Айпери Медет кызы бүгүн, 5-октябрда килемге чыгат жана анын алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкова болот.
Ал эми 68 килограмм салмакта катышып жаткан Мээрим Жуманазарова 6-октябрда килемге чыгат. Анын алгачкы атаандашы түштүк кореялык Минжи Ха аттуу балбан болот.
Дүйнө чемпиондугу 9-октябрда жыйынтыкталат.
Эки кыргыз балбан кызынын машыгуудагы видеосу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
Sajakat14

06.10.2021. 02:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балбан кыздар!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.