Марк Цукерберг Фейсбуктагы көйгөйдөн улам 6 миллиард 600 миллион доллар кирешесин жоготуп, бай адамдардын тизмесинде 6-орунга түшүп калды
Фейсбук компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг компаниянын ишинин үзгүлтүккө учурашынан улам 6 миллиард 600 миллион доллар кирешесин жоготту. Мунун менен ал миллиардерлердин тизмесинде 6-орунга жылып кетти. Бул тууралуу "Forbes" журналы эсептеп чыкканын чет элдик басылмалар жазышты.
Журналдын маалыматына караганда, Марк Цукербергдин байлыгы 5,4 пайызга же болбосо 6 миллиард 600 миллион долларга азайып кеткен. Учурда калган байлыгы 116 миллиард 100 миллион долларды түзүп турат.
Ал эми Цукербергди 117 миллиард 800 миллион доллар байлыгы бар "Oracle" программалык камсыздоосунун түзүүчүсү Ларри Эллисон ашып өттү.
Эске салсак, Facebook, Instagram жана WhatsApp мессенжерлеринин иши үзгүлтүккө учураган.
кошулду
Таймурас Ташиев мандатын тапшырды, себебин ачыктаган жок
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Umar7

05.10.2021. 02:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качан түзөлөт, ошону айткыла да толук толук
Chagylgan7

05.10.2021. 04:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вотсап,инста жок жашоо воообще скучно экен.Бири бирибизди тиктеп Эле отуруп калдык го эмне кылаарыбызды билбей эле
Asmat84

05.10.2021. 09:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайын бул Марк Шекербек 3,4 саатка өчкөн вотсап менен инстага ушунча жоготсо...
Margo82

05.10.2021. 12:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоготсо жоготсун да,Эл эмне менен убара бул эмне менен убара,
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.