super.kg logo

Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимовго карата козголгон дагы бир кылмыш иши токтотулду

 

Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде Ош ШИИБинин өндүрүшүндө Жасур Азимовго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча эки кылмыш иши ачылган. 2021-жылдын 30-апрелинде Ош ШИИБинин тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Алишов тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндө токтому кабыл алынган.

Апрелде Жасур Азимов Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышкан. Ал шайлоочуларды сатып алган деп шектелген.

Эске салсак, Жасур Азимов жер боюнча алдамчылыкка шектелген. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ош шаарынын вице-мэринин 2020-жылдын 4-сентябрындагы токтому менен "Кыргыз Текстиль ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коому 25 гектар жер тилкесин 2 миллион 500 миң сомго саткан. Бул жер Жапалак айыл аймагынын аймагында жайгашкан. 4-октябрда Башкы прокуратура бул боюнча иш каралганын, анда кылмыштын курамынын жоктугунан кыскартылганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
05.10.2021. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Актай турган болгонунардан кийин кылмыш ишин ачтык мына деп элге спектакль коюнун кажети бар беле? Элге шоу тартуулап шут болгондон тажабадынарбы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: