Бүгүн футбол боюнча өлкө чемпиондугу Топ-Лиганын алкагында бишкектик “Дордой” канттык “Абдыш-Ата” менен беттешет
Бүгүн, 7-ноябрь күнү футбол боюнча өлкө чемпиондугу Топ-Лиганын алкагында бишкектик “Дордой” канттык “Абдыш-Атада” конокто болот. Бул оюн турнирдик жактан эч кандай мааниге ээ эмес, анткени учурда “Дордой” 18 оюндан соң 36 упай менен чемпион аталган оштук “Алайдан” кийинки 2-орунда, ал эми “Абдыш-Ата” 19 оюндан соң 32 упай менен 3-орунда. Ошондуктан бул беттеште “Абдыш-Ата” жеңсе да “Дордойду” 2-орундан жылдыра албайт. Бирок бул командалар турнирдик таблицада кандай орунду ээлегенине карабай, бири-бирине ар дайым күчтүү атаандаштыкты жаратып келгендиктен беттеш кызыктуу өтөрү шексиз.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














