super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман мас абалында унаа айдап, жол эрежесин бузган айдоочуга жаза берилишин өтүндү

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал мас абалындагы айдоочуга тиешелүү жаза берилүүсүн өтүнгөн.

"Кечээ, 4-октябрь күнү саат 18:00дө Тыныстанов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде окууга кетип бара жатсам бир унаа каршы тилкеге чыгып жол эрежелерин бузду. Жанаша өтүп бара жатканда карасам айдоочу мас экен. Жол эрежесин бузуп, элдин коопсуздугуна доо кетирип жатат.

Номерин тартып алганга аракет кылып жатсам мени көздөй түкүрүп, жанындагы аял ортончу колун көрсөттү. Бул айдоочуга тез аранын ичинде жаза берилүүсүн талап кылам. Ушундайлардын айынан көп жол кырсыктары катталып жатат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Окурман мас абалында унаа айдаган жаранга жаза берилүүсүн талап кылды

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.10.2021. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен болгондо айрып салмакмын далбандын кыз пызы менен кошо тукругонун кара
05.10.2021. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanybek1986,Маданиятсыздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: