super.kg logo

"Кызым катуу ооруп жатат, операциясына 3 миллион рубль керек" деген Ольга Дотер кайрымдуу калктан көмөк сурады

 

SUPER.KG порталына кайрымдуу элден жардам сурап Ольга Дотер аттуу жаран кайрылды. Анда ал кызы ооруп жатканын айтып, анын операциясына 3 миллион рубль (3 жарым миллион сомдун айланасы) чогултуу керектигин билдирди. Өзү бул сумманы чогултууга мүмкүнчүлүгү жетпей жаткандыктан, кайрымдуу калктан көмөк сурады.

"Кызым Виктория 14 жашта. Кичинекей кезинен бери тубаса ооруп келет. Анын диагнозу миопатия (булчуң клеткаларында зат алмашуунун бузулушу, нуклеин кислотасынын синтезинин өзгөрүшү жанa булчуң белогунун күчтүү ажыроосунан пайда болот. Тукум куума ооруларга кирет). Мектепке барып окубайт, үйдөн окутабыз.

Бул жакта дарылоого болбойт экен. Биз Орусиядан бир клиника таптык. Ал жактагылар кызымдын жашап кетүүсүнө кепилдик беришти. Бирок операцияга чоң суммадагы каражат керек болууда.

Ал акырындан өлүп жатат (ыйлап). Кызымдын дарылануусуна 3 миллион рубль керек экен. Мен акча чогултуп жатам, бирок ал сумма дагы жетпейт.

Кайрымдуу кыргыз элимден жардам сурайм", - деген Дотер.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн:

Реквизиттер:

Finca: эсептик номери - 1380206001696742;

бик - 138008;

Дотер Ольга Антоновна;

Элсом: 0558 199 157 Дотер Ольга Антоновна;

Visa - 4446 7320 0071 6433

KIСВ - 1280146053014842

Апасынын номери: 0558 199 157 Дотер Ольга Антоновна.








Кызынын дарылануусуна 3 миллион рубль чогултуу керек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: