super.kg logo
  Спорт  

Осло: Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге утту (видео)

 

Бүгүн, 5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта күмүш байгеге ээ болду.

Кыргыз балбаны финалда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен кез келди.

Биринчи бөлүктө атаандашы активдүү болбогону үчүн калыс эскертүү берип, кыргыз балбанына 1 упай ыйгарды. Биринчи бөлүк 1:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктады.

Экинчи бөлүктө атаандашы Эрназар Акматалиевди килемден сыртка түртүп чыгып, эсеп санын 2:1 кылды. Муну менен атаандашы убакытты кармап 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Эрназар Акматалиевдин аягына чейин тырышып күрөшкөндүгүн баса белгилей кетүү керек. Ал Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында эркектер арасында эркин күрөш боюнча алгачкы күмүш медаль уткан балбан болуп тарыхта калды.

Бул медаль Дүйнө чемпиондугундагы Кыргыз курамасынын экинчи медалы. Буга чейин 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло медаль уткан.






Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге утту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.10.2021. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздикилер финалда алдырат экенда!
05.10.2021. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын бул байке акыркысы болбосун баракелде
05.10.2021. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай, атта аз эле жерден женилип калыптыр финалда бирок кумуш болсо да чоон сыймык Рахмат кыргыздын желегине дагы бир кумуш
05.10.2021. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумуш эле деп турат го же башында алтын деп жазып кийин ондоштубу
06.10.2021. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу бир тырышкан бала экен Мейли эми ,атаандашы 10 жыл опыты кобуроок чоон Эле киши экен.Аман Болсо дагы коп жетишкендикке жетишет буйруса .Азамат !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: