super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: "Журналистика коомдук турмушка зор таасир этүүчү күчкө ээ"

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев журналисттерди 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

 

“Урматтуу басма сөз кызматкерлери!

 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Кыргызстан массалык маалымат каражаттары эркин мамлекет катары чоң кадыр-баркка ээ. Кыргыз журналисттери мамлекеттин  бардык катмарына өз көз карашын эркин билдирип, андагы жүрүп жаткан процесстерди ачык-айкын чагылдыруу менен коомдук пикирди жаратууда өзгөчө роль ойнойт.

 

Журналистика Кыргызстанда коомдук турмушка зор таасир этүүчү күчкө ээ. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган ой-пикир, көз караштар менен саясатчылар да, бийлик өкүлдөрү да, карапайым эл да эсептешет. Анткени анда коомдун уюткулуу маселелери айтылат. Бул процесс ата мекендик басма сөзгө маалыматтын күчү менен элдик пикирди жаратууга, ачык-айкын саясатты жүргүзүүгө өбөлгө жаратууда. Журналистика мезгилдин күрөө тамырын чагылдыруу менен өлкөбүздүн башкы демократиялык дөөлөтү – сөз эркиндигин чыңдоого, аны өркүндөтүүгө эбегейсиз салым кошуп келет.

 

Бүгүн сөз эркиндигинин, ой эркиндигинин, көз караш эркиндигинин, жан эркиндигинин майрамы. Анткени  эркин ой жүгүртүү гана эркин жашоого негиз жаратат. Сиздер үчүн ыйык күндө, кесиптик майрамыңыздар белгиленип жаткан бул күнү -  өкмөттүн атынан жана жеке өзүмдүн атыман басма сөз  күнү менен куттуктайм. Ошондой эле журналисттик коомчулукка айткым келет: биз сиздер айткан ойлорго өтө көңүл коюу менен мамиле жасап, сиздер көтөргөн көйгөйлөргө ыраазычылык билдиргибиз келет. Анткени сиздер биздин коомдогу орчундуу маселелердин түйүнүн көтөрүп келесиздер.  

 

Сиздерге профессионалдык өсүүнү, сөзгө болгон кесиптик жоопкерчиликти каалайм. Себеби сиздер жазган макалалар коомдо кеңири резонанс гана жаратпастан, ал эң оболу өлкөбүздүн жашоосун жакшы жакка бурууга жардам берет. Майрамыңыздар менен!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: