super.kg logo

Дубайда 28 жаштагы Кыргыз жараны ымыркайын өлтүрдү деп айыпталууда

 

Дубай соту 28 жаштагы Кыргыз жаранына жаңы төрөлгөн баласын атайылап өлтүргөн деген айып такты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, иштин материалдарында аял кош бойлуу кезинде баңгизат колдонгону жана кызын жарык дүйнөгө алып келгенден кийин жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөнү көрсөтүлгөн.

"Соттук -медициналык экспертизанын жыйынтыгында баланын канында амфетамин жана метамфетамин бар экени аныкталган. Наристе чарчап калар алдында баш сөөгү жана көкүрөгү сынган.

Айыпталуучу үйүндө ымыркайынын сөөгүн алып чыгууга аракет кылгандан кийин кармалган. Ал чоң таштанды салынган баштык менен үйдөн чыгып бара жатканын көргөн киши ага жардам берүүнү сунуштаган. Ал учурда аял баш тарткан жана баштык жарылган. Киши баштыктын ичиндеги ымыркайдын сөөгүн көрүп, полиция кызматына кайрылган.

Сурак учурунда айыпталуучу жаңы төрөлгөн ымыркайын жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөнүн айткан. Сот атайылап өлтүрүүдөн тышкары, аны баңгизат колдонгон деп да айыптаган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
06.10.2021. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
не дейбиз Алла ынсап берсин, Кудайым бизди шерменде кылбасын
06.10.2021. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Россия калып эсми Дубайга барып ушундай ишке бара баштадынарбы?Онолбой турган болду го ушу сойкулар!
06.10.2021. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргыздын кыздары бул жагынан алдына эч кимди чыгарбайт го чиркин, турмодо чирисин эми.
07.10.2021. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын паспортун алып жургон башка улуттур балким... Баарыбызга ыйман берсин. Ырыскыбыз адалдан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: