super.kg logo

Чүйдө тургундан үч жарым килограммдан ашык апийим алынды

 

Чүй облусунун тургунунан үч жарым килограммдан ашык апийим алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттардын алып келүү жана сатуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-аракеттерди жүргүзгөн.

"18-сентябрда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатуу менен аракеттенген 1982-жылы туулган, М.А. аттуу жаран кармалган. Ага тинтүү жүргүзүү убагында 3 жарым килограммдан ашык баңгизаты алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, ал апийим экени тастыкталган.

Кармалган жаран кармалып, тергөө абагына киргизилген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, аталган кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: