super.kg logo

Күйүүчү майдын кымбатташы - бүткүл дүйнөлүк тренд

 

Өткөн жылдын аягынан тартып дүйнөлүк рынокто мунайга болгон баанын кескин өсүүсү байкалууда. Бир баррель мунайдын наркы 40 доллардан 80 долларга, тактап айтканда 2 эсеге кымбаттады.

"Кыргызстан күйүүчү майдын баарын сырттан алып келген өлкө катары жалпы дүйнөдө болуп жаткан тенденциялардын таасиринен кача албайт. Дүйнө боюнча мунайга болгон баанын өсүшү - өткөн, 2020-жылдагы пандемиянын кесепети. Өткөн жыл баарыбызга белгилүү болгондой, демейдегиден такыр башкача шартта өттү, бардык жакта карантин киргизилип, мунайга болгон баа кескин түшүп кеткен. Мындан улам мунай өндүргөн өлкөлөр ири чыгымга туш болуп, аны өндүрүү көлөмүн максималдуу түрдө кыскарткан.

2021-жылы ОПЕК+ (Нефтини экспорттогон өлкөлөрдүн уюму) уюмуна кирген өлкөлөр абдан кылдаттык менен аны өндүрүү көлөмүн көбөйтүүдө. Башкача айтканда, алар күйүүчү майга карата дүйнө боюнча тартыштыкты жаратышып, анын баасын кымбаттатууда", - дешти Нефть өндүрүүчүлөр ассоциациясынан.

Жергиликтүү мунай өндүрүүчүлөр ушул жылдын башынан бери Россиянын күйүүчү май иштеп чыгарган заводдорунун баштапкы бааларынын өсүшүнүн алдын алуу үчүн бир катар аракеттерди көрүп келет:

- компаниянын пайдасы бул жылы 1 пайыздан ашкан жок;

- компаниялар бардык тобокелчиликти өздөрүнө алышып, заводдон чыккан бааны кармоо үчүн күйүүчү майдын 2 айлык запасын сатып алды.

Мындай иш-аракеттердин натыйжасында нефтетрейдерлер төмөнкү жыйынтыктарга жетишти:

* Россиянын заводдорунда баалар: - АИ-92 бензинине 130 пайызга өстү, ошол эле учурда жергиликтүү май куюучу жайларда күйүүчү майга болгон баанын чекене баасы болгону 59 пайызга кымбаттады.

- дизель күйүүчү майына болгон баа заводдо 70 пайызга кымбаттаган болсо, жергиликтүү май куюучу жайларда болгону 40 пайызга өстү.

Мындан тышкары, нефтетрейдерлердин тынымсыз аракеттеринин натыйжасында күйүүчү майга болгон тартыштык маселеси жаралган жок. Өзүңүздөр байкагандай, коңшу Казакстан, Өзбекстанда мындай абал болуп жатат. Компания өзүнүн башкы милдетин так аткарууда - республиканы мунай менен үзгүлтүксүз камсыздап, ага болгон баанын кескин кымбаттап кетишин алдын алууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(9)
06.10.2021. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу Супердин жамааты, жетекчилиги. Силер акчага ушул сыяктуу макала жарыялаганынар менен, анын чындыктан канчалык алыс, карандай калп маалымат берилип жатканын, ал калп маалыматты улам улам алдыга жылдырып силер ошол аферисттердин оюнуна келип жатканынарды тушунуп жаткан чыгаарсынар.... Кимдин акчасы болсо, силер ошонун колунда пешка болуп жаман корунуп алып жатасынар.....

Эч болбосо билдируулорду очуруп эмне кыласынар?!
06.10.2021. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул макаланын артында аферисттер турат. Элдин канын соруп, 35-40 сомдук бензинди 56-58 сомдон сатып элди карактагандар... Элди сабатсыз, карангы, лох ойлоп дуйнолук биржага шылтап жатат. Дуйнолук биржада нефтинин баррели 110-120 доллар болгондо да бизде бензин 40 сомдон томон болчу баасы. 2018-жылы нефтинин баррели 80 доллардан жогору болгондо бизде бензиндин литри 35-37 сом болчу. Эмнеге бугун бензин 37 сом эмес, 57 сом?! Анткени бул аферисттер элди карактап жатат.
06.10.2021. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Дуйнодо, башка олколордо Тажикистан сыяктуу айрым олколорду кошпогондо, бензин эч канча кымбаттаган жок. Мисалы Казахстанда ГСМ баасы эч канча озгоргон жок бир жыл ичинде. Россияда 1,5 жыл илгери АИ 92 бензини литри 43 рубль болсо, бугун орточо 47 рубль. 1,5 жылда 7-8% кымбаттаган болгону. А бизде былтыры тонкоруштон кийин ГСМ кымбаттап отуруп, АИ 92 бензини 1 жылда 90%ке кымбаттап, 30 сомдон 57 сомго жетти. Буга эч кандай дуйнолук биржа эмес, биздин бийлик куноолуу...
06.10.2021. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дуйнолук тренд деп шылтоо кылып жатат бийлик
06.10.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кымбатчылыкты айтсан эле дуйно жузундо болуп жатат деген дежурный созду таап алышты,баары жалган былтыркы октябрдагы тополондон,жаны бийликтин келгенинен башталды кымбатчылык.
07.10.2021. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өткөндө Камчыбек Кыдыршаевич айтты го бензиндин баасын себепсиз жогорулаткандар аныкталып жатат, баасы 50 сомго жетпеш керек болчу деп. Кудай жалгап ошондой болсо экен
07.10.2021. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
himik, сенин Кыдыршаевичин бир жылдан бери эшек такалап отурабы?! Анда тушурбойбу бензиндин баасын, мобу аферисттерди кармап кустурбайбы, бул жакка оздорун актап калп маалымат таратырбастан...

Бензиндин баасы 40 сомго жетпеши керек, 50 сом эмес.
07.10.2021. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Итерип бутмой болду бул шакал бийлик
07.10.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматуу Супер инфо. Бүгүнкү күндө авто унаалардын баасыын ортомчу алып-сатааларлар ашыкчы, негизсиз көтөрүп жиберишти. Ортомчулар унааларды арзан сатып алышып, кымбат коюп жатышат. Ортомчуларды көргөн жөнөкөй тургундар да баасын жогору көрсөтүп жатышат. Ортомчуларга бийлик чара көрөбү.
ayzhan12 түзөттү 2021-10-07 14:36:33
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: