super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова: "Мен өзүмдү далилдедим"

 

Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованын жеңиштен кийинки маеги жарыяланды. Видео Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун интернеттеги баракчасына чыкты.

Анда балбан кыз чемпион болуу менен өзүнүн, өлкөнүн тарыхын жазып жатканын белгиледи.

"Мага эң негизгиси машыктыруучумдун ыраазычылыгы маанилүү, ал ыраазы болсо эл дагы ыраазы. Мен чемпион болуу менен өзүмдү далилдедим. Буга чейин дүйнөнүн бир чемпиону бар болчу, ал мен. Бүгүн эки жолку чемпион болуп турам. Олимп оюндарынан кийин толук кандуу даярдана алган жокмун. Толук кандуу даярдыксыз эле жеңишке жеткеним кубандырат.

Финалдык беттеш буга чейинки кармаштарга салыштырмалуу жеңил болду. Мен машыктыруучумдун айткандарын аткардым", - деди ал.

5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, анда америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келди. Беттеш аяктаарына 2 секунд калганда Айсулуу Тыныбекова атаандаштын артына дагы бир жолу өтүп 2 упай алып, эсеп санын 7:0 кылды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 7:0 болуп, Айсулуу Тыныбекова катары менен экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды.

Балбан 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(5)
06.10.2021. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсың!
06.10.2021. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Японка дагы келгенде жакшы болмок.Ошону финалда женгенде точно далилдемексин
06.10.2021. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тренери да укмуш адам экен чынында .Женилип бараткан жеринен тренердин Туура багыты мн озун ондоп кете алыптыр .Ийгилик чемпион Эле болуп журо бериниз ,андан да ашыгына татыктуусуз
06.10.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
юкаку каваины бир уткун Айсулуу бир Баткендиктер айткандай мазза кыллайык
06.10.2021. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kanybek1986,ха хаго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: