Ош облусунун эки тургуну жердешинин 95 миң сомун тартып алышкан
Ош облусунун эки тургуну, жердешинин 95 миң сомун тартып алышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматтарга караганда тоноочулардын курмандыгы 23 жаштагы Ош шаарынын тургуну болгон. Ал Бишкекке товар сатып алуу үчүн келген. “Кудайберген” базарынын жанынан эки белгисиз адам аны сабап, капчыгындагы болгон акчасын тартып алышкан. Бишкек ШИИББнин ыкчам иликтөө тобу изи сууй электе 44 жана 43 жаштагы Ош облусунун тургундарын кармашкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
sibiryak

07.11.2013. 16:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уяты жоктор чон эле кишилер жаш баланы тоношот
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.