super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, чейрек финалга чыкты

 

Бүгүн, 6-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова алгачкы жүрүшүндө түштүк кореялык балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүк башталганда эле Мээрим Жуманазарова атаандаштын артына өтүп, 2 упай алды. Биринчи бөлүк аяктаар маалында кыргыз балбаны дагы 4 упай алып, эсеп санын 6:0 кылды.

Экинчи бөлүк башталары менен Мээрим Жуманазарова атаандашынын артына өтүп, далысын жерге таза басып жеңишке жетти.

Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.

Мээрим Жуманазарова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
06.10.2021. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын, курошту кордук ото кооз женипсин!!!
06.10.2021. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меерим бул дагы жениш. Кут болсун. Кыздарыбыз чексиз сыймык тартуулап жатышат. Кудай силерди колдосун, Кыргыз элинин батасы тийип жениш артынан женишке жеткиле.
06.10.2021. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат десе!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: