super.kg logo

"Нобель" сыйлыгынын химия илими боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Быйылкы жылдагы эл аралык "Нобель" сыйлыгы химия илими боюнча окумуштуулар Бенжамин Лист менен Девид Макмиланга ыйгарылды. Окумуштуулар престиждүү сыйлыкка молекулаларды синтездөөнүн жаңы ыкмалары аттуу изилдөөнүн натыйжасында жетишкен. Бул тууралуу "Нобель" комитети жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, изилдөөчү Бенжамин Лист Германияда Макс Планк атындагы көмүр касиеттерин изилдөө институтунун жетекчиси.

Ал эми Девид Макмилан Принстон университетинин изилдөөчүсү.

Белгилей кетсек, 2021-жылдагы Эл аралык Нобель сыйлыгын тапшыруу салтанаты 4-октябрда Швециянын борбору Стокгольм шаарында башталган. Буга чейин аталган сыйлыктын медицина жана физика тармагы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталган.

Эске салсак, "Нобель" сыйлыгы 1901-жылы негизделген. Ал жаңыча ойлоп табуулар жана көрүнүктүү илимий изилдөөлөр үчүн, ошондой эле коомдун жана маданияттын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон инсандарга ыйгарылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: