super.kg logo

"Түрк, корей сериалдарын артта калтырат". Бишкекте "Жалбыз" телесериалынын бет ачары өттү

 

6-октябрда Бишкекте "Жалбыз" телесериалынын бет ачары өттү. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган бир катар көрүнүктүү ишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты.

Сериалдын сценарийинин автору Жеңишкүл Өзүбекова сериал тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Бүгүн кыргыз телесериалынын тарыхында өзгөчө кубанычтуу күн. Элге тартуулай турган сериалыбыздын 36 сериясынын 12си даяр болду. Бүгүн "Жалбыздын" жүзүн ачып коёлу дедик. Бизге жардам берген адамдардын баарын ушул жерге чогулттук. Мен ишимди мага мамлекет эмне кылды дебей, мен кыйын учурда мамлекетке эмне кылдым деген ой менен жасадым. Сериалда мыкты актёрлер ойношту. Албетте, 100 пайыз мен ойлогондой болду дебейм, бирок 80 пайызы ишке ашты деп айта алам. Мен SUPER.KG порталына маек берген учурда "түрк, корей сериалдарын артта калтырат" дегем. Чын эле ошондой болот деп ишенем. Албетте, бааны эл берет. Биз колдон келишинче аракет кылдык. Сериал жашоодо болгон чыныгы окуялардын негизинде тартылды", - деди Жеңишкүл Өзүбекова.

"Жалбыз" 36 сериядан турган курч сюжеттүү, детективдик элементтерди камтыган, социалдык-лирикалык заманбап мелодрама. Сериалдын автору Жеңишкүл Өзүбекова, режиссёру М.Мамбетов. Башкы ролдордо Т.Абазова, А.Мукамбетова, Ө.Нурдинов, Т.Үмөталиева, Т.Апыев жана башкалар.

Эскерте кетсек, SUPER.KG порталы "Жалбыз" телесериалынын маалыматтык өнөктөшү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(10)
07.10.2021. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корей турк бул жакта турсун кошуна болгон Узбекистан кинолоруна жете албайсынар анан .КРда озу бир толковый кино жок.Бут женил желпи кинолор .Бир коргонго да жарабайт.Кинонордо тарбиялык маани вообще смысл жок .Тушунбойм неге кыргыз сценаристтеринде бир изденген адам жок
07.10.2021. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Chagylgan7, Кинону көрсөң 100% гарантия сүйлөгөн сөздөрү ооздорунун кыймылына төп келбейт, же киного повод берип атайылап сүйлөгөндөй болуп чыгат, Кыргыз киносунун үнү эч эле оңолбойт.
07.10.2021. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан Эле Ырыс Жоомартова анан ушуга окшогондор мен кыйратып толтура кино тарттым деп чыга келишет .Санынан сапаты да .Биринчи эл бааласын анан мактангыла
07.10.2021. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубекованын китептери бири бирине окшош мазмундуу,бирок жаман эмес.Режиссерлук жанрында Нурбек Эген жана Эрнист Абджапаровтун кинолорун кызыгып кайра кайра корсон да тажабайсын.Калган типа режиссер этимиштер жон эле пух и прах.Особенно Жоомартованын кинолору коргон убактына ичин ачышатго,дагы озу башкы рольго катышып алганына кантесин.Эми анын шакирти болуп Анжелика кино тарттым деп баш бактыго.Кылбаганы сериал тартмай калган тура бул тажатманын.
07.10.2021. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайран ары жоктор ий. Кайсы бир жылы киносун реклама кылыш учун албарсты басты деп шылдын болушту эле. Эми ушундай реклама кылсак эл корот деп ойлошот окшойт арсыз намыссыз манкурттар. Элди алдап жатканы манкуртчулук эмеспи?!
07.10.2021. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Канча мээнет кетти.Ийгилик каалап койуш кыйынбы?Телефондо олтуруп алып озунор кыйраткансып жазыпсынар.
07.10.2021. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alfiya, ийгилик каалап кою оной эле. Ийгилик каалайлы десек сууну булгап жатышса, карандай калп айтып.....
07.10.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alfiya, меенетти акча таап, өзүнү пиарлаш үчүн кетирип жататта, анын бизге кызыгы жок.
07.10.2021. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кой мактанбагыла, уят болосунар.
07.10.2021. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуураак кыз жок бекен, башкы ролго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: