Жабыркагандар бар. АКШнын Техас штатындагы мектептердин биринде ок атуу болду
АКШнын Техас штатындагы мектептердин биринде ок атуу болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттарына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жабыркаган 4 адамдын үчөө окуучу, бирөө улуу курактагы эркек адам болгон. Алар ооруканага жеткирилген. Учурда аталган окуу жай толугу менен полиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.
Ал эми окуяга окуучулар арасында чыккан жаңжал себеп болушу мүмкүн экендиги божомолдонууда. Бирок ок чыгарганга шектелген өспүрүм из жашырып кеткен. Азыркы тапта полиция кылмышка шектүүнү издеп жатканы кабарланат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
KG-312

07.10.2021. 01:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанагы пабж деген согуш оюндар өздөрүнүн башына балее болуп атат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.