super.kg logo

Техастагы мектепте ок атууга шектелип 18 жаштагы окуучу кармалды

 

АКШнын Техас штатында жайгашкан Арлингтон шаарындагы мектептердин биринде ок чыгарган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу аталган шаардын полиция кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Арлингтон шаарынын полициясы мектептеги ок атууга шектүү катары аталган мектепте окуган 18 жаштагы Тимоти Симпкинс аттуу окуучуну кармаган. Ал окуядан кийин дароо унаа менен качып кеткени белгилүү болду.

Ошондой эле кылмышка шектүү өспүрүм учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалымдалды.

Эске салсак, 6-октябрь күнү АКШнын Арлингтон шаарындагы мектептердин биринде ок атуу болгон. Андан 3 окуучу жана 1 эркек адам жабыркаганы кабарланган. Полиция кызматкерлери ок атуу окуучулар арасында чыккан жаңжалдан улам болушу мүмкүн экендигин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: