super.kg logo
  Спорт  

Осло: Эрназар Акматалиевге жеңилген Евгений Жербаев: "Эрназардын мени көтөрүп чапканы таң калтырды"

 

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон орусиялык балбан Евгений Жербаев жарым финалда жеңилип калган кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев тууралуу оюн айтты.

"Мен жарым финалдагы атаандашым, кыргыз балбанына таазим кылышым керек. Азыркы мезгилде ага окшогон балбандар аз. Бардыгы убакыт өткөрүп, жөн гана күрөшүп жүрүшөт. Ал эми Эрназар кандай келбесин кармап ыргыта алат. Мына мен ага кабылып, эмне болгонун түшүнбөй калдым. Чынын айтсам, анын бул ыкмасы мени таң калтырды. Андан кийин менин күрөшүм уланган жок, натыйжа берген жок", - деди Жербаев.

Мындан тышкары, ал бул Дүйнө чемпиондугуна алтын үчүн барганын, бул үчүн Инстаграм баракчасын өчүрүп, көп убакыт даярданганын айтты.

Жарым финалдык беттештин биринчи бөлүгүндө Эрназар Акматалиев Евгений Жербаевди жамбаш ыкмасына салып көтөрүп чаап, төрт упай алган.

Евгений Жербаев жарым финалда Эрназар Акматалиевге 7:5 эсебинде жеңилип калган.


кошулду





Жарым финал: Эрназар Акматалиев vs Евгений Жербаев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(3)
07.10.2021. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чыныгы эркектин созу болду, женишти эле эмес женилгенди да билиш керек. Ар шылтоону айтып актанбай.
07.10.2021. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чыныгы спортсмен ушундай болот, утулганын моюндап, атаандашына тан берет, Азаматсын Женя, а биздин Эрназарга "АЛКЫШ", келечектеги олимпиада чемпиоуну. Дуйнолук рейтингде 3-орунга көтөрүлдү.
07.10.2021. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ону тусу кыргыздарга эле окшоп кетет экен негедир.Эрназар Акматалиев Токиого бара электе видеосун коруп калдым Эле .Мага да аябай ожор жетем дегенине жете Турган бала корунгон.Негизи Эле келечеги бар бала экен ,жаш Болсо да .Экоосуно тен ийгилик ,сен да жаш экенсин ,коп алтын аласын али
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: