Бишкекте айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өтөт
Бишкекте "AгроТехЭкспо2021" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, көргөзмө айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлөт.
"Иш-чарага 200дөн ашуун алдыңкы кыргыз жана чет элдик компаниялар катышат. Анда айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар, мал чарбасында, өсүмдүк өстүрүүдө, кайра иштетүү өнөр жайындагы жаңы технологиялардын түрлөрү көрсөтүлөт", - деп билдиришти министрликтен.
Көргөзмө 23-24-25-октябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:22
2026-03-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















