Осло: Орусиялык машыктыруучулар Мээрим Жуманазарованын жарым финалдык беттешине каршы чыгышты
Күрөш боюнча Орусия курамасынын машыктыруучулар штабы Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугундагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмактагы жарым финалдык беттешти тейлеген калыстарга каршы даттанат. Бул тууралуу Орусиянын күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили жергиликтүү басылмаларына билдирген.
"Биз нааразычылык билдирип жатабыз. Акылсыздык менен чектелген одоно ката кетти. Таблодогу көрсөтмө боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу", - деген Мамиашвили.
Мээрим Жуманазарова жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип алган. Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкса, Ханум Велиева коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

швили пшвили силердин чырдаганыңардан эчтеке чыкпайт! Биздики таза жеңиш!!!