super.kg logo

Пермде 6 адамдын өмүрүн кыйган Тимур Бекмансуров жактоочу кызматын колдонуудан баш тартты

 

Пермь мамлекеттик университетинде ок чыгарып, 6 адамдын өмүрүн кыйган жан кечти Тимур Бекмансуров жактоочу кызматын колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, ага жактоочунун кызматын колдонууну сунушташкан, бирок ал мындан баш тарткан.

Басылмаларда ал эмне себептен жактоочунун кызматын колдонуудан баш тартканы ачыкталган эмес.

Буга чейин Бекмансуров тамагына жасалган операциядан улам убактылуу сүйлөй албаганы, бирок жазуу түрүндө байланыша баштаганы айтылган.

Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.10.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай киллерди тарс эле башка атып алып барып ит көмгөндөй эле көмүп салгылада ёлкини.
07.10.2021. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конечно аны коргоп не кереги бар аны коргогон адамды кошуп наказать этиш керек
07.10.2021. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закон боюнча адвокат сунуштайт эн оор кылмыш кылган кылмышкерге да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: