Депутат Айнуру Алтыбаеванын айынан Ош аэропортунда эл автобусту 20 мүнөт күттү деген видео тарады
Социалдык тармакта депутат Айнуру Алтыбаеванын айынан Ош аба майданындагы эл автобусту 20 мүнөт күткөн видео тарады.
Видеодо Айнуру Алтыбаева учакка чейин унаасы менен барганын көрүүгө болот. Жүргүнчүлөрдүн бири видеону жарыялап, төмөнкүдөй билдирүү калтырган.
"Биз Оштон Бишкекке учуп жатканбыз. Бирок автобусту 20 мүнөт күтүп турдук. Анткени Айнуру Алтыбаева учактын тепкичине чейин унаа менен келди. Депутаттар эл өкүлдөрү болгондуктан жөнөкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтүп, эл менен автобустарда жүрүшү керек", - деп жазган видеонун автору.
Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортуна байланышканыбызда, маалымат такталып жатканын билдиришти.
Депутат Айнура Алтыбаеванын Ош аба майданындагы видеосу коомчулукта талкуу жаратууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.