super.kg logo
  Спорт  

Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова: "Спорт залга эч ким келбей, атам экөөбүз эле калган күндөр болгон"

 

Кыргыз балбаны кызы Мээрим Жуманазарова Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалындагы ийгиликтүү беттешинен кийин видео кайрылуу жасады.

"Бул спортко келишиме атам түрткү болгон. Эсимде, эң биринчи мектепте линейкада атам бардык окуучуларга күрөш ачылып жатат келгиле, кыздар дагы келсе болот деп айткан. Биз кыздар дагы күрөшсө болобу деп таң калганбыз. Башында залга 15-20 кыз барганбыз. Андан кийин барган сайын азайып, аягында залда атам экөөбүз эле жалгыз калганбыз.

Айылда дагы кыздар күрөшөт десе эркектердей болуп эмне кыласыңар деп башкача кабыл алышчу. Бирок биз буга көңүл бурбай, чоң ийгиликтерге жетели деп аракет кыла берчүбүз", - деди Жуманазарова.

Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун финалында япониялык Рин Мияджи менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
08.10.2021. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машыктыруучусу атасыбы?
08.10.2021. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
elmira., Саламатсызбы? Эң биринчи машыктыруучусу өзүнүн атасы.
08.10.2021. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азат Бейшенбеков, Рахмаат маалыматынызга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: