Дүйнө чемпиондугу: "Чуркап кетпей атаандаштын акыбалын сурап". Мээрим Жуманазарованын тарых жараткан финалдык беттешинен сүрөттөр жана видео







Бүгүн, 8-октябрга караган түнү Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова япониялык Рин Мияджи аттуу балбанды жеңип, Дүйнө чемпиону аталды.
Мээрим Жуманазарова финалдык беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандашынын далысын жерге басып, таза жеңишке жетти. Калыс беттешти токтоткондон кийин ордунан туруп сүйүнүп кетпестен, атаандашынын акыбалын сурап, анын аксап басып жатканын көрүп, килемдин сыртына чейин аны кармап келди.
Мээрим Жуманазарова муну менен Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кыз-келиндер арасында экинчи Дүйнө чемпиону болду.
Мээрим Жуманазарованын финалдык беттеши
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Кыздары кыйын кыргыздын:)