super.kg logo

"Мой О!" тиркемесинде "Айыл Банктын" кызматтары онлайн жана комиссиясыз жеткиликтүү

 

«О!Деньги» капчыгынын ээлеринде «Айыл Банк» ААКтын кызматтарынан комиссиясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду!

Эми «Мой О!» тиркемесинен кредитти төгүү, картага акча которуу, «Айыл Банктын» өздүк жана депозиттик эсебин толуктоо толугу менен акысыз.

Смартфондо каржылык ресурстарды колдонуу мүмкүнчүлүгү акча операцияларын 24/7 онлайн жүргүзүүгө, убакытты бир кыйла үнөмдөөгө жардам берет жана банктык бөлүмдөргө баруу муктаждыгынан арылтат.

Кызматтардан пайдалануу оңой:

  1. Google Play же App Store платформаларынан «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз.
  2. Жөнөкөй онлайн-идентификациядан өтүңүз.
  3. Каталогдон керектүү сервисти тандаңыз жана электрондук капчыктан, телефондун балансынан же кошулган банктык картадан төлөңүз.

Каражаттар дароо эсепке которулат, ал эми электрондук чек төлөмдөрдүн тарыхында сакталып калат.

Мындан тышкары банктын кызматтарынан бүт өлкө боюнча жайгашкан О! төлөм терминалдарынын түйүнүнөн комиссиясыз пайдаланса болот.

Тиркеме тууралуу:

«Мой О!» тиркемеси – бул «О!Деньги» капчыгын жана О! + Saima абонентинин жеке кабинетин бириктирген санариптик экотутум.

«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:

  • О! номерин башкаруу жана жакындардын балансына кам көрүү.
  • Капчыктарга жана алты өлкөнүн банктарынын карталарына каражаттарды дароо которуу.
  • Телефондун балансынан, электрондук капчыктан же кошулган картадан 1000ден ашуун сервистерди онлайн төлөө.
  • Бүт өлкө боюнча 100дөн ашуун филиалдары бар O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагынан капчыктагы каражаттарды накталай алуу мүмкүнчүлүгү.
  • Терминалдардын кеңири тармагынан капчыктын балансын комиссиясыз толуктоо.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: