super.kg logo
  Спорт  

"Тыныбековадан үлгү алам". Мээрим Жуманазарованын тарых жараткан беттешинен кийинки интервьюсу (толук видео)

 

68 килограмм салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону аталган кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова финалдык беттештен кийин Дүйнөлүк күрөш уюмуна интервью берди.

Берген интервьюсунда кыргыз балбан кызы финалдагы атаандашы, Айсулуу Тыныбекованын ага берген дем-күчү жана машыктыруучулары жөнүндө айтты.

"Мен финалдагы атаандашым менен экинчи жолу кез келип жатам. Буга чейин жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кез келгем. Бул экинчи жолку кез келишибиз.

Айсулуу Тыныбекова биздин команданын лидери. Ал 2019-жылы Дүйнө чемпиону болгондо аябай кубангам. Мен анда жаракат алып катыша албай калгам. Биз андан үлгү алабыз", - деди Мээрим Жуманазарова.

Мындан тышкары кыргыз балбан кызы үй-бүлөсү спортко жакын адамдар экенин айтып, кыргыз машыктыруучулары эң мыкты экенин баса белгилеген.






Мээрим Жуманазарованын финалдык беттешинен кийин берген интервьюсу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
08.10.2021. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат кыз.Кучтуу ошол эле убакта назик.Бийик максаттарына жетишине тилектешмин
08.10.2021. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай да, дайыма күлүп турганы жагат. Азамат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: