super.kg logo

Кара-Суу районунда "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси жер сатуу фактысы менен кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Ш.С. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, бул кылмышка түздөн-түз тиешеси бар болуп 5-октябрь күнү 2015-2018-жылдар аралыгында Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп иштеген Ш.С. кармалган.

Кармалган жаранга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мурда бул факты боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы жана аны менен бирге иштеген М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б. кармалган.

30-сентябрь күнү бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.10.2021. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадастр же б.а. госрегистр коррупциянын уюгу. Поголовно коррупционерлер баары. Таза бирин почти таппайсын. Ошолордун айынан канча канча жерлер жен ичинен сатылып оздоштурулуп кетип жатат. Кайтаргыла ошол жерлерди баштапкы маанисине. Мамлекеттин жерлери мамлекетке кайтсын, айрыкча мектеп, бала-бакчанын жерлери......
08.10.2021. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Antiradikal3, Сен озунун жерлерини билип алчы озун деле пара берип журуп алгансынго)!
08.10.2021. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uli6886, эмне деп дооруп койгонсун?...)))))

Окмот мага жер бериптирби? Кулкумду кыстатпачы......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: