super.kg logo

"Навальный, Тихановская жана Грета". "Нобель" тынчтык сыйлыгын кимдер алат?

 

Бүгүн, 8-октябрда берилүүчү "Нобель" тынчтык сыйлыгына талапкерлердин саны 329 (234 адам; 95 уюм). Бул өткөн жылдагыдан анча жогору болбосо да, сыйлыктын тарыхындагы үчүнчү көрсөткүч. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, фавориттердин арасында эко-активист Грета Тунберг, орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жана Беларусь өлкөсүнүн оппозициясынын лидери Светлана Тихановская бар.

Букмекердик кеңселер Навальныйдын, Светлана Тихановскаянын жана Грета Тунбергдин мүмкүнчүлүктөрүн болжол менен бирдей баалашууда.

Мүмкүн болгон талапкерлердин тизмесине Жо Байден, Ангела Меркель жана Билл Гейтс дагы кирет.

"Нобель" сыйлыгы - 1901-жылдан бери илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылып келет. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: