super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өкүлдөрү Халил Акынжы менен Адахан Мадумаровду кабыл алды

 
Алмазбек Атамбаев жана Халил Акынжы
Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров да катышты
Кезинде "Атамбаевдин бийлигин тааныбайм" деген Мадумаровдун минтип кызматка бекитилип, аны менен иштешип жатканын сындагандар көп
Кезинде "Атамбаевдин бийлигин тааныбайм" деген Мадумаровдун минтип кызматка бекитилип, аны менен иштешип жатканын сындагандар көп
Алмазбек Атамбаев жана Халил Акынжы

Бүгүн, 8-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Халил Акынжыны кабыл алды.

 

Жолугушууда аталган кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелер талкууланды. Мамлекет башчы түрк кызматташтыгы бардык багыттар боюнча кыйла жанданып, сапатын арттырууга, түрк элдеринин маданий, гуманитардык жана экономикалык кызматташуу боюнча  интеграцияга Кыргызстан зор маани берерин айтты.

 

Алмазбек Атамбаев кеңештин катчылыгына Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналган Ысык-Көл форумун өткөрүү  боюнча демилгени колдогондугу үчүн ыраазычылык айтып, бул иш-чарага катчылык жигердүү катышарына ишенерин билдирди. Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаров да катышты.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: