Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду
Бүгүн, 9-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алды.
Дүйнө чемпиондугунда күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта финалга чыккан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков финалда молдовалык Виктор Чобану менен кез келип, 9:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болду. Бул Ослодо өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн алгачкы медаль болду.
Жоламан Шаршенбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында дал ушул балбанга чейрек финалда жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
6
6

Супер-Инфо
super.kg видео

















Акчасын аяшат да. Көп акча табышат супер инфо айына миллионго жакын. Ошентсе дагы эфирди сатып алуудан качышат.
Ушунусуна аллага шүгүр,чүчү кулакта биринчи кездешип калышканда эмне болмок.
Азаматсыңар!Силер менен биз сыймыктанабыз