Артист сахнада спектакль учурунда элдин көзүнчө каза болду



Москвадагы Чоң театрдын сахнасында артист Евгений Кулеш "Садко" операсын көрсөтүү учурунда көрүүчүлөрдүн көзүнчө каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, спектакль учурунда анын үстүнө декорация кулаган. Андан кийин көшөгө дароо жабылып, тыныгуу жарыяланган. Көрүүчүлөр өз кезегинде сахнадагы декорация ылдыйлап келе жатканын 37 жаштагы артист байкаганын, бирок эч жакка жылбай, ордунда тура бергендигин айтышкан.
Учурда Тергөө комитети иликтөө алдындагы текшерүүнү баштады. Театр бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүп жаткандыгы белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.