super.kg logo

Баткенде Одиссей менен Авенсис унаалары сүзүшүп, үч адам каза болду

 

Баткен облусунун Кадамжай районунда Toyota Avensis менен Honda Odyssey унаалары сүзүшүп, үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"9-октябрь күнү саат 17:30 чамасында Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында (Өндүрүш айылы) Toyota Avensis менен Honda Odyssey үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгына жалпы 10 адам учурап, анын ичинен 3 жаран каза болуп (1 эркек, 2 аял), 7 жаран жабыркаган (5 эркек, 2 аял). Каза болгон эркек адамдын сөөгү Айдаркен жана Кадамжай шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген, ал эми жабыркаган жарандар Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирилген", - деп билдиришти ӨКМдан.

Куткаруу иштерине Кадамжай райондук №76 ӨККБдан 3 куткаруучу, "Тез жардам" кызматы жана ИИМдин кызматкерлери тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.10.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баскыла миңге койуп айдап.
10.10.2021. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туура эле жазылган, кашаанын ичинде тушундуруп жатат силерге окшогондорго. 10 Адам болгон, учоосу каза болгон деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: