super.kg logo

"Качууга үлгүрбөй калган". Москвада театрда көрүүчүлөрдүн көзүнчө каза болгон артисттин видеосу тарады

 

Москвадагы Чоң театрдын артисти Евгений Кулеш "Садко" операсын көрсөтүү учурунда каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Москва шаарындагы Чоң театрда 37 жаштагы артист Евгений Кулеш сахнанын декорациясы алмашуу учурунда каза болду. Сахнанын декорация механизми ылдый түшкөн маалда артист алдында калып калган жана ал кетүүгө үлгүргөн эмес.

Күбөлөрдүн айтымында, Евгений Кулеш сахнанын алдына жылышы керек болгон, бирок ал тескерисинче артка жылган. Укук коргоо органдары декорация сахнага 1,5-2 м/сек ылдамдыкта түшүрүлгөнүн, бирок маркум ызы-чуудан улам башка жакка кетиши керек экенин уга албаганын тактады. Ал эми декорациянын салмагы эки тоннага жакын болгон.

Окуя болгон учурда спекталь дароо токтотулган жана көрүүчүлөрдүн залдан чыгып кетүүсү талап кылынган.

Учурда тергөөчүлөр окуянын жагдайларын аныктап жатышат. Ал эми театрдын администрациясы бардык зарыл болгон жардамды көрсөтөт.

Белгилей кетсек, Евгений Кулеш 2002-жылдан бери аталган театрда эмгектенип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
10.10.2021. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тобоо ажалы сахнадан экенда
10.10.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жанагы бир обу жок артист айткандай, ыйык сахнадан өлүптүрда!
10.10.2021. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Супер инфо эмне себептен силердин сайтынардан видео көрүш өтө эле кыйын катып атып араң көрөсүң, анысы аз келгенсип жыртаң этип рекламасы чыга калат. Рекламада катыбайт да видеону көргөндө катып калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: