super.kg logo

Орусиялык телеалпаруучу Ксения Собчак Сочиде жол кырсыгына кабылды

 

Орусиялык телеалпаруучу Ксения Собчак Сочиде жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 10-октябрда болгон. Анда Мерседес менен Фольксваген үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен бир аял каза болуп, экөө ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ксения Собчак Мерседес үлгүсүндөгү унаада болгон.

Собчак өзү социалдык тармактарда каза болгон адам тууралуу угуп нес абалда экенин жазган. Анын айтымында, ал тез арада уулуна барууну каалагандыктан, кырсык болгон жерден дароо кетип, ооруканага жатуудан баш тарткан. Телеалпаруучу баш мээси чайкалганын көрсөтүп, айдоочунун алдынан чыкпаганын кошумчалаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал киши каршы тилкеге ​​чыгып, Фольксваген менен кагышкан.

Ал эми Собчак отурган унаанын айдоочусу аэропортко баруучу негизги жол спорттук мелдештерге байланыштуу бир күн мурун жабылганын айткан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.






Ксения Собчак жол кырсыгына кабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: