super.kg logo

"Эшиктерди талкалап, унаанын терезесин сындырып". Таласта мейманканага түн ортосунда белгисиз адам кирип келип чыр салды

 

Талас шаарындагы "Kerben Palase" мейманканасында кечээ түнү белгисиз адам түн ичинде кирип келип, чыр-чатак чыгарып, мейманканада жаткан адамдардын тынчын алган. Бул тууралуу Фейсбук баракчасында Авланбек Жумабаев жазып чыкты.

"Түнкү саат 04:00 чамасында мейманканага бир адам кирип келди. Бардык эшиктерди талкалап, кыздар уктап жаткан бөлмөлөргө кирип барды. Алар жарым жылаңач түн ичинде көчөгө чуркап чыгышты. Алардын арасында эмчектеги баласы бар келин бар. Корккондорунан улам мейманканада жаткандардын баары көчөгө чыга калышты. Ал адам жаш-кары дебей сөгүп жатты. Бөлмөлөрдүн баары кан болуп, ал тургай короодо токтоп турган унаалардын дагы терезелерин талкалады", - деп жазды Жумабаев.

Авланбек Жумаевдин айтымында, милиция кызматкерлери окуя болгон жерге 40 мүнөт өткөндөн кийин гана келишкен.

"Күбөлөр милиция кызматкерлеринин жүрүм-турумуна таң калышты. Алар чыр салган адамдын колун бурап, кишен салган жок. Кайра аны эптеп көндүрүп, суранып жатып унаага салышты", - деп жазат Жумабаев.

Ал эми бул окуя боюнча Талас ОИИБи маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
11.10.2021. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Черный чалыш окшойт милиция эч нерсе кылбаса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: