super.kg logo

УКМК: "Кызыл-Кыяда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды"

 

Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү УКМК тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун 6 лидери кармалган.

1974-жылы туулган К.А. Кызыл-Кыя шаарындагы «Минтака-масул» ДЭУ (лидери);
1975-жылы туулган К.С. Кызыл-Кыя шаарындагы «Накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);
1976-жылы туулган Н.Ж. Кызыл-Кыя шаарындагы «Накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);

1991-жылы туулган А.у.А. Тажик Республикасынын жараны, Кызыл-Кыя шаарындагы «Мушрив-халки» ДЭУ группанын жетекчиси;
1995-жылы туулган Э.Н. Кызыл-Кыя шаарындагы «Мушрив-халки» ДЭУ (тобунун жетекчиси).
1993-жылы туулган М.З. Кызыл-Кыя шаарындагы «казыначы» ДЭУ (ячейканын финансылык маселелери үчүн жооптуу).

"Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүшкөнү жана Кызыл-Кыя шаарынын 50дөн ашуун тургунунан турган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн "жыйынын" ай сайын уюштуруп турганы аныкталган. Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, экстремисттик маанайдагы адабияттар (36 даана китеп, 20 даана китепче, 25 даана баракча, 13 даана дептер, 15 даана уюлдук телефон, 15 даана электрондук маалымат алып жүрүүчү каражат, 1 даана ноутбук) табылган.

Кармалган жарандар Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана ыкчам изилдөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
11.10.2021. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомго диний фанатизди тануулабаш керек. Диний фанатизм адамдарды прогрессивдүү ойлорго эмес, жапайчылыка жол ачат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: