Ошто батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды
Ошто батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-октябрь күнү ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачканда, батирдин ичинен болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Эшик ачууга Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Маркумдун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















