super.kg logo
  Спорт  

Медербек Сыдыков Кыргыз футболдук союзунун президенти болуп шайланды

 

Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте Кыргыз футболдук союзунун (КФС) кезексиз конгресси болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футболдук союздун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Күн тартибине ылайык, Конгресс КФСтин азыркы президенти Канатбек Маматовдун мурда жарыяланган отставкасын кабыл алды.

КФСтин кезексиз конгрессинин күн тартибиндеги маселелердин бири жаңы президентти шайлоо болду. Бул кызматка катталган талапкерлер Семетей Султанов жана Медербек Сыдыков болгон.

Шайлоо Кыргыз футболдук союзунун уставына ылайык өттү. Медербек Сыдыков көпчүлүк добуш менен Кыргыз футболдук союзунун президенттигине 4 жылдык мөөнөткө шайланды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кеткен. Ал бул кызматта 2019-жылдын бери иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: