Атактуу "Кызматтагы махабат" тасмасындагы актриса Людмила Купина коронавирустан каза болду
Орусиялык атактуу актриса Людмила Купина 77 жашында көз жумду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актриса сентябрдын аягында өзүн жаман сезе баштаган. Ооруканага жаткырылгандан кийин ал коронавирус илдетине чалдыкканы маалым болгон. Бир жумадан кийин Купина өпкөсү жабыркап жандандыруу бөлүмүнө которулуп, 9-октябрда дүйнө салган.
Людмила Купина 1944-жылы 9-февралда туулган. 1969-жылы Щукин атындагы Москва жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн. Ал "Кызматтагы махабат" ("Служебный роман"), "Вечный зов" жана "Я тебя никогда не забуду" деген сыяктуу атактуу тасмаларда роль жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
20:44
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.