Абу-Дабиде "Игра в кальмара" аталышындагы корей сериалынын негизинде чемпиондук өтөт
Абу-Даби шаарында "Игра в кальмара" аталышындагы корей сериалынын негизинде чемпионат өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, чемпионатта телешоуда көрсөтүлгөн алты оюндун төртөө ойнолот. Алардын арасында "Кызыл жарык, жашыл жарык", "Кант ширеси", топтор жана ттакджи оюну (катышуучулар бүктөлгөн кагазды колдонуу менен каршылашынын бир кагазын оодарууга аракет кылган оюн). Уюштуруучулар мелдеште утулган катышуучуларды өлтүрбөй тургандыгын эскертишүүдө.
Чемпионатка 30 адам катышат. Алар эки топко бөлүнүп ойношот. Жеңүүчүлөргө сыйлык катары кызыктуу белектер каралган. Мелдеш 12-октябрда Абу-Дабидеги Корей маданий борборунда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.