super.kg logo

Шайлоого даярдыкты шайлоо комиссияларынын 3 миң 118 мүчөсү ишке ашырат

 

Парламенттик шайлоого көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Бишкекте штабдын көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарында 428 599 шайлоочу катталган. 4 округдук шайлоо комиссиясында 228 шайлоо участогу ачылды. Даярдыкты шайлоо комиссияларынын 3118 мүчөсү ишке ашырат.

Республикалык штабдын башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Бишкек шаарынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду. Анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: