Бир суткада 63 адамдан илдет аныкталса, 122 бейтап айыгып чыкты
Бүгүн, 13-октябрга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 63 адамдан аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына караганда, акыркы суткада Нарын жана Баткен облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек - 35;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу – 1;
Талас облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 2.
Өлкөдө коронавирус инфекциясы катталган күндөн тарта жалпы 179 миң 492 адам жабыркады.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 122ни түздү. Муну менен ооруну жеңгендердин жалпы саны 174 миң 320 болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.